Президент Садыр Жапаров жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жарлыктарга кол койду.
Конституциянын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргызстандын конституциялык мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Судьялар кеңешинин сунушу боюнча бир катар судьялардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Өз каалоосу менен төмөндөгү жергиликтүү соттун судьялары кызматтарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду:
— Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Калыбеков Урмат Анварбекович;
— Бишкек шаардык сотунун судьясы Өмүралиева Анара Медербековна;
— Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Барынбаев Жеңишбек Базармаматович.
Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясы Ибраимова Жылдыз Белековна отставкага кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулуп, анын ыйгарым укуктары токтотулду.