Марал Радиосу

Байсалов жол кырсыгында жабыркаган балдардан кабар алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Манас» аэропортуна барган унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен жарадар болуп шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасына жаткырылган балдардан кабар алды.

Байсаловго ооруканада жаткан 18 баланын абалы жана алардын дарылануусу тууралуу маалымат берилди.

Маалым болгондой, учурда реанимация бөлүмүндө 4 бала дарыланууда, алардын биринин абалы оор экени айтылууда, калган 14 бала оорукананын башка бөлүмдөрүнө жайгаштырылып, аларга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат.

Эдил Байсалов жарадар болгон балдардын баарына тиешелүү дары-дармектер берилээрин белгилеп, Ички иштер министрлиги кырсыктын себептерин иликтеп жатканын кошумчалады.