Марал Радиосу

Ош шаарында айт намазы борбордук аянтта окулат

Орозо айт намазы 21-апрелде Ош шаарындагы борбордук аянтта окулат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, айт намазы таңкы саат 07:30да башталат.

Кошумчалай кетсек, ал эми Бишкек шаарында айт намазы Эски аянтта окулуп, таңкы саат 06:00дө башталат.