Марал Радиосу

Украин армиясы Донбасста төрт багыт боюнча чабуулга өттү

Украинанын куралдуу күчтөрү Донбасста төрт багыт боюнча каршы чабуулга өттү. Бул тууралуу Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр  «Рада» телеканалындагы маегинде билдирди.

Департамент башчысынын орун басары маалымдагандай, украин армиясы Бахмут, Марьинка, Авдиьвка жана Лиман багытттары боюнча чабуулга өткөн. Ошондой эле Бахмуттагы чабуулду «активдүү чабуул операциясы» деп атаган.

Буга чейин АКШнын Newsweek журналы Пентагондогу жеке булактарына таянып, Украинанын каршы чабуулга өтө турган датасын жарыялаган болчу.

Анда Украина тарап ушул жылдын 30-апрелинде «жазгы чабуул» башташы мүмкүндүгү, ага карата курал жеткирип берүү маселеси тууралуу жазылган.