Марал Радиосу

Прокуратура кызматкери пара алып кармалды

Бүгүн, 19-апрелде саат 18:40 чамасында прокуратура кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура тарабынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ыкчам коштоосунда Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы Б.А. арыз ээсине карата кылмыш иштери боюнча маселелерди оң чечкендиги үчүн 450 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.