Марал Радиосу

Алимент төлөөдөн качкан 50 миңге жакын жаран чет өлкөдө

Алимент төлөөдөн качкан 50 миңге жакын жаран чет мамлекеттерде жүрөт. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында өкмөттүн өкүлү билдирди. Алардан алимент өндүрүү үчүн эл аралык конвенцияга кошууу керек.

Ага ылайык «2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алимент өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору мамлекеттик ички жол-жоболорду ишке ашыруу максатында эл аралык кызматташтыкты өркүндөтүүгө багытталган.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, экинчи окууда кабыл алынды.