Марал Радиосу

Араван-Ак-Буура каналын оңдоого 17,8 млн евро бөлүү долбоору жактырылды

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы суу менен камсыздоо долбоору үчүнчү окууда каралды.

Аталган макулдашуу Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы Араван-Ак-Буура каналын модернизациялоого багытталган.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын жер аянтын суу менен камсыздоо жакшыртылат. Тагыраагы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 17 млн 870 миң евро бөлүнүп берилет. Анын ичинен кредиттик келишимге ылайык 14 млн 130 миң евро, гранттык макулдашууга ылайык 3 млн 740 миң евро каралган.

Кредиттик каражаттар 15 жылга төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөттө, өзгөрүлмө пайыздык чен менен алынат.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, үчүнчү окууда кабыл алынды.