УКМКнын Баткен облустук башкармалыгы Кадамжай райондук прокуратурасы менен бирге текшерүү жүргүзүп, натыйжада 16 ишкердин жер мыйзамын одоно бузганын аныктады.
Атайын кызматттын маалыматына караганда, Кадамжайдын Анкурсайындагы сел жүрүп кетүү коркунучу бар жерге ишкерлер өзүм билемдик кылып, соода имараттарын куруп алышкан.
Бул факты боюнча 14-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүмү менен иш козголгон. Учурда тергөө, иликтөө жүрүп жатат.