2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча, энергетика тармагына мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун алкагында 1,4 млрд сом бөлүнүп, анын 15%ы өздөштүрүлдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- гранттык каражаттан 280,2 млн сом;
- өздөштүрүлгөн кредит 1,1 млрд сом.
2024-жылга 10,9 млрд сом каралат. Алардын ичинен:
- грант – 2 млрд;
- кредит – 8,9 млрд сом;
- Министрлер кабинетини тарабынан кош каржылоосу – 13,9 млн сомду түзөт.
2025-жылга 5,1 миллиард сом каралат. Алардын ичинен:
- грантка 1,2 млрд сом;
- кредитке 3,9 млрд сом;
- министрлер кабинети тарабынан кош каржылоосу — 33,3 млн сомду түзөт.