Марал Радиосу

Чоң жетиликтин өлкөлөрү Украинаны колдоого антташты

G7 summit or meeting concept. Row from flags of members of G7 group of seven and list of countries, 3d illustration

Чоң жетиликтин (G7) жогорку даражалуу дипломаттары Жапониядагы жолугушуусунда Киевди мындан ары да колдоого антташты. Бул тууралуу Bloomberg сайты жазды.

«Бүгүн биз Украинага колубуздан келишинче колдоо көрсөтүп, өзүн коргоого, анын эркин жана демократиялык келечегин сактап калууга жана Орусиянын агрессиясын токтотууга жардам берүү үчүн туруктуу коопсуздук, экономикалык жана институттук колдоо көрсөтүүгө милдеттенебиз«, — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары бул өлкөлөр Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин тынчтык планын колдоорун айтышты. Ошол эле учурда Орусиянын ядролук риторикасын сынга алышты. Франция бийлиги Кытайдын жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүү аракетин кубаттады.

Чоң жетиликке кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери 2022-жылдын 3-январында жарыша куралданууга бөгөт жасоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышып, Орусияны ядролук курал колдонбоого чакырышкан.