Марал Радиосу

Түркмөнстанда 500гө чукул жаранга мунапыс жарыяланды

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов «Кадыр түндүн» урматына 463 жаранга ырайым берди. Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, тиешелүү жарлыкка Министрлер кабинетинин жыйынында кол коюлду.

Документке ылайык, мунапыс алгандар абактан бошотулат.

Бердымухамедов облустук, райондук жана шаардык администрациялардын башчыларына ырайым алган жарандарды иш менен камсыздоо тапшырмасын берди.

Түркмөнстандын президенти жыл сайын «Кадыр түнгө» карата соттолгон адамдарга мунапыс жарыялайт. Былтыр республика боюнча 514 киши ырайым алган.