Марал Радиосу

Орозо айт качан болору айтылды

default

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айт майрамы 21-апрель күнгө туш келерин расмий кабарлады.

Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат.

Жогорудагы көрсөтүлгөн күн Айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.

Быйыл орозо 23-мартта башталган.