Бүгүн, 17-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун баш коргоо чарасын карайт.
Отурум саат 14:00гө белгиленген.
Буга чейин активист 20-апрелге чейин камакта калтырылган.
Саясатчы, активист жана блогерлер былтыр 23-октябрда массалык башаламандык уюштурууга айыпталып, кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон.
Райондук сот 12-апрелдеги чечими менен аябактагы аялдарды үй камагына чыгарган.