Марал Радиосу

Активист Эрлан Бекчоро уулунун баш коргоо чарасы каралат

Бүгүн, 17-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун баш коргоо чарасын карайт.

Отурум саат 14:00гө белгиленген.

Буга чейин активист 20-апрелге чейин камакта калтырылган.

Саясатчы, активист жана блогерлер былтыр 23-октябрда массалык башаламандык уюштурууга айыпталып, кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон.

Райондук сот 12-апрелдеги чечими менен аябактагы аялдарды үй камагына чыгарган.