Марал Радиосу

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун экинчи фазасы аяктады

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун эки фазасы аяктады. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Талантбек Солтобаев билдирди. Анын айтымында, альтернативдик жолдун курулушу 2014-жылы башталган.

126-чакырымдагы I фазанын долбоордук бөлүгүн ишке ашырууга 399 млн доллары, ал эми 99-чакырымындагы II фазаны ишке ашырууга 298 млн доллары жумшалган.

Түндүк-Түштүк жолунун курулушунун аяктоо мөөнөтү 2024-жылга пландалып жатат.