Марал Радиосу

Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпиону болду

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу алтын медаль алды.

61 кг салмактагы Тайырбек Жумашбек уулу чейрек финалда япониялык Кодай Огаваны 4:1 эсебинде, жарым финалда ирандык Ясин Аббас Резаигузголехти 11:2 эсебинде утуп, финалга өткөн.

Финалда кытайлык балбан Лиу Миңгу менен күрөшүп, 4:2 эсебинде жеңип алды.

Айта кетсек, Тайырбек Жумашбек уулу 2022-жылы 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону болгон.

Учурда Кыргызстандын эркин күрөш боюнча командасынын байге куржунунда 1 алтын, 1 күмүш, 2 коло медаль бар.