Марал Радиосу

Жантаевдин ордуна Улан Карыпбеков келди

Улан Карыпбеков Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Буга чейин аталган кызматта эмгектенип келген Элчибек Жантаев Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Exit mobile version