Марал Радиосу

Элчибек Жантаев Ош облусуна жетекчи болду

Элчибек Жантаев Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Президенттин башка бир жарлыгы менен кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов кызматынан бошотулган.