Марал Радиосу

Президент Ысык-Көлдүн тургундарына ооз ачар берди

Бүгүн, 13-апрелде президент Садыр Жапаров Каракол шаарында Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунун жана Каракол шаарынын тургундарына ооз ачар берди. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин атынан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов катышты.

Жетекчилер сөз сүйлөп, Ысык-Көл элин ыйык Рамазан айы менен куттукташты.