Марал Радиосу

Азия чемпионатында Орозобек Токтомамбетов коло медаль алды

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде Орозобек Токтомамбетов коло медаль алды.

Эркин күрөш боюнча 70 кг салмакта килемге чыккан Орозобек Токтомамбетов тандоо турунда түркмөнстандык Перман Хоммадовду 12:1 эсебинде жеңген.

Чейрек финалда казакстандык Санжар Досжанов менен 4:4 эсебинде тең чыгып, бирок жеңиш казак балбанга ыйгарылган.

Санжар Досжанов финалга өткөнүнө байланыштуу Орозобек Токтомамбетов коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Колого болгон беттеште кыргыз балбаны ирандык Мортеза Чиаси Чеканы 2:1 эсебинде жеңип алды.