Марал Радиосу

Бажы кызматы: 281 автотранспорт мыйзамсыз ташылган

Мамлекеттик бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жана УКМКнын кызматкерлери Кыргызстандын аймагына 281 автотранспорт мыйзамсыз ташып келингенин аныктады.

Бажы кызматы билдиргендей, мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 285 млн 876 миң 484 сомду түзгөн.

Алгачкы текшерүүнүн чогултулган материалдары катталып, Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Exit mobile version