Марал Радиосу

Дыйкандарга жетиштүү насыя берүүгө 50 млрд сом керек

Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин жыйынында 2023-жылга карата дыйкандарга жеӊилдетилген насыяларды берүү жана республиканын аймагында акыркы жылдарда болуп жаткан жер көчкүлөрдүн алдын алуу боюнча маалымат берди. Быйыл «Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору менен 2300 дыйканга 3 млрд 300 млн сом бөлүнүп берилген. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүнкү күндө эң кооптуу делип аныкталган жер көчкү тилкелери Өзгөн районунда бешөө жайгашканын билдирди. Айыл чарба тармагындагы негизги көйгөйлөргө алдыда кененирээк токтолобуз. 

Мамлекеттик жеңилдетилген насыялар дыйкандардын баарына тегиз жетпей, кыйынчылыктарга кабылып жатышканы Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында 2023-жылга карата дыйкандарга жеӊилдетилген насыяларды берүү боюнча тиешелүү органдар маалымат беришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылы кайсы банктар аркылуу кайсы облуска канча каражат бөлүнгөнүн мындайча түшүндүрдү:

«Айыл банк» аркылуу Чүй облусуна 93 млн 567 миң сом, Ысык-Көл облусуна 60 млн 902 миң сом, Ош облусуна 69 млн 458 миң сом, Жалал-Абад облусуна 99 млн 81 миң сом, Талас облусуна 31 млн 728 миң сом, Нарын облусуна 46 млн 410 миң сом жана Баткен облусуна 21 млн 700 миң сом каралган. Ал эми «РСК банк» аркылуу Чүй облусуна 94 млн 208 миң сом, Ысык-Көл облусуна 68 млн 735 миң сом, Ош облусуна 71 млн 40 миң сом, Жалал-Абад облусуна 134 млн 565 миң сом, Талас облусуна 33 млн 430 миң сом, Нарын облусуна 50 млн 470 миң сом жана Баткен облусуна 21 млн 370 миң сом каралган».

Республиканын агроөнөр жай тармагын, айыл чарбасын өнүктүрүү максатында жеңилдетилген насыялар 2013-жылдан бери берилип келет. Андан бери 120 миң 554 дыйкан-фермер жалпы 51 млрд 646 млн сом насыя алган.

Депутат Аманкан Кенжебаев сүт боюнча былтыр эки протоколдук тапшырма берилгенин, бирок экөө тең аткарылбаганын жүйө келтирип, сүттүн баасына байланышкан көйгөйлөр аймактарда курчуп жатканына токтолду. Белгилей кетсек, жыл сайын жаз келери менен заводдор сүттүн баасын арзандатышып, сатуучуларды нааразы кылышат.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков бир канча жолу сүт бирикмелери менен кеңешме өткөрүп, бааларды былтыркыга салыштырмалуу кармап туруу боюнча макулдашылганын билдирди.

«Туптуура бир  жума мурун сүт бирикмелерин чогулутуп сүйлөшкөм. Баасы боюнча протокол кабыл алганбыз. Бүгүнкү күндө ошол бааларды кармап турабыз. Сүт эки баадан турат: фермерлерден сатып алынган баа жана заводдорго сатылган баа. Чүйдө бүгүн 3,4% майлуулуктагы сүттүн баасы заводдордо 35 сом, фермерлерден 28-30 сомдон алып жатышат. Сүттүн эң жогорку баасы Ош облусунда, заводдор 40 сомдон, ташып келүүчүлөр 32 сомдон сатып алышууда».

Бир катар депутаттар үрөндү банк аркылуу алуу татаал болуп жатканын көтөрүштү. Депутат Жанарбек Акаев Ноокат районунун дыйкандарына былтыр насыяга берилген үрөн түшүм бербей, чыгымга учурап, бирок банктар акчаны кайтарууну талап кылып келишерин маалымдады.

Министрлер кабинети аталган маселе боюнча дыйкандарга жеңилдик берилип, насыянын мөөнөтү узартыларын, ал үчүн насыя алган банкка арыз жазуу жетиштүү болорун белгиледи.

Депутат Айбек Осмонов менен Тазабек Икрамов дыйкандарга жеңилдетилген 6%дык насыя менен катар 20%дык насыяны кошо алууга милдеттендирген жагдай бар экенин белгилешип, бул ишти көзөмөлгө алууга чакырышты.

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев эгер андай фактылар болсо чара көрүлөрүн билдирип, быйыл 9 млрд сом гана бөлүнгөндүктөн, насыя алууга муктаждык көп экенин белгиледи.

Жер көчкүлөрдүн алдын алуу чаралары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтоло кетсек, жыл башынан бери Мониторинг жана божомолдоо департаменти тарабынан 438 изилдөө аткарылып, анын 102си жер көчкү процесстерине байланыштуу болгон.

Бүгүнкү күндө Өзгөн районунда беш, Кара-Кулжа районунда үч, Алай районунда эки, Аксы районунда үч, Базар-Коргон районунда бир жер көчкү тилкеси эң кооптуу делип аныкталган. Кооптуу аймактардан көчүрүлүүгө тийиш болгон 3 780 үй-бүлө бар. Анын ичинен 1468и мамлекеттик жардам жана үй салууга жер алыша элек, 2312си жардам алып, жер бөлүнүп берилгенине карабастан, көчүп кетпей отурушат.