Марал Радиосу

Орто-Сай айылында мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үй бузулууда (видео)

Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында мыйзамсыз курулуп баштаган көп кабаттуу үйдү бузуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бузуу иштери ламүдүн райондук соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмү менен биргеликте Жогорку Соттун токтомунун негизинде жүргүзүлүүдө.

Мыйзамсыз курулган көп батирлүү турак-жай курулушу Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында №5 даректеги 2а участогунда курулуп жаткан.