Марал Радиосу

«Баткен» аэропорту бир айга жабылды

«Баткен» аэропорту 1-апрелден тарта оңдоо-калыбына келтирүү иштери башталгандыгына байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аэропортто аэродромдун элементтерин оңдоо, учактарды токтотуучу жайларды жана перронду кеңейтүү иштерин жүргүзүүнүн II этабы жүрүп жатат. Оңдоо иштерин айдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

«Манас» эл аралык аэропорту келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана оңдоо иштерине түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.