Марал Радиосу

1-кварталда бажы төлөмдөрүн чогултуу 1 млрд сомго ашык аткарылды

Мамлекеттик бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында бажыдан 20,7 млрд сом төлөм чогултуп, планды 105%га ашык аткарды. Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев кабарлады.

Анын айтымында, Финансы министрлиги 2023-жылдын биринчи жарымына Бажы кызматына 19,7 млрд сом чогултуу планын койгон, ал эми бажы төлөмдөрү 1 млрд сомго ашык чогултулду.

— Январь айына карата 5,7 млрд сом чогултуу пландалган, 6,1 млрд сом чогултулуп, план 105,8%га ашык аткарылган. Бул 2022-жылдын ушул айына салыштырмалуу 330 млн сомго көп;

— Феврайыл айына карата 6,4 млрд сом чогултуу пландалган, 6,5 млрд сом чогултулуп, план 101,5%га ашык аткарылган. Бул өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу 1 млрд сом көп;

— Март айына карата 7,6 млрд сом чогултуу пландалган, 8,1 млрд сом акча чогултулуп, план 107,5%га аткарылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 млрд 629 млн сомго көп чогултулган.

Exit mobile version