Марал Радиосу

Ажылык сапарга төлөнө турган акчанын суммасы айтылды

Быйылкы ажылык сапарга барып келүү акчасы жан башына 3900 доллардан деп белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы билдирди.

Ажылык үчүн төлөмдөр 12-апрелден тарта кабыл алына баштайт.

Буга чейин 1000 доллар төлөп, электрондук кезекке туруп койгондор 12-апрелден 17-апрелге чейин «РСК Банк» аркылуу калган 2900 долларды берүүгө тийиш.

Учурда 5 миң 960 адам электрондук кезекте турат. Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстандан ажылыкка бара тургандар үчүн 6 миң орун бөлгөн.