Марал Радиосу

Июнь айында Кыргызстан-Корея түз аба каттамы ачылат

Ушул жылдын 11-июнунан тарта Кыргызстан-Корея түз аба каттамы ишке кирет. Бул тууралуу Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Бул маселе элчи менен T’way авиакомпаниясынын президенти Йонг Хонг Кюнгдун жолугушуусунда талкууланган.

«2022-жылы түз авиакаттамды ачуу боюнча активдүү иштер жүрдү. Ёнг Хонг Гён мырза Кыргызстанга авиа каттамдарды аткаруу үчүн жаңы Boeing -737 учагын сатып алганын белгиледи. Компания учурда учууларды аткаруу боюнча тиешелүү процедураларды бүтүрүп жатат», — деп жазган элчи.

Маалым болгондой, бул каттам жайкы туристтик мезгил учурунда иштеп, аптасына бир ирет, жекшемби күндөрү учуп турат.

Аида Исмаилованын айтымында, Кыргызстан менен Кореянын ортосунда түз авиакаттамдын ачылышы эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүүгө түрткү берет.