Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде Айпери Медет кызы күмүш медаль алды.
76 кг салмакта килемге чыккан Айпери Медет кызы алгачкы беттешинде индиялык Прия Прияны 4:0 эсебинде далысын килемге басып утуп алган. Ал эми жарым финалда япониялык Мизуки Нагасиманы 3:2 эсебинде жеңип, биринчилик үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Финалда казакстандык Элмира Сыздыковага бет келип, далысын килемге бастырып ийип, утулуп калды.
Күрөш боюнча Азия биринчилиги 9-апрелде башталган. Учурда Кыргызстандын капчыгында 3 алтын, 2 күмүш, 4 коло медаль бар.