Марал Радиосу

Азия чемпионатында Айпери Медет кызы күмүш медаль алды

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде Айпери Медет кызы күмүш медаль алды.

76 кг салмакта килемге чыккан Айпери Медет кызы алгачкы беттешинде индиялык Прия Прияны 4:0 эсебинде далысын килемге басып утуп алган. Ал эми жарым финалда япониялык Мизуки Нагасиманы 3:2 эсебинде жеңип, биринчилик үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Финалда казакстандык Элмира Сыздыковага бет келип, далысын килемге бастырып ийип, утулуп калды.

Күрөш боюнча Азия биринчилиги 9-апрелде башталган. Учурда Кыргызстандын капчыгында 3 алтын, 2 күмүш, 4 коло медаль бар.