Марал Радиосу

Баткен: Сох-Кан-Зардалы жолу ачылды

Баткен районунда 10-апрелде нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Дара айыл аймагына жакын жайгашкан  кокту-колоттордон сел суулары агып, Сох – Кан – Зардалы  унаа жолунун 10-11-чакырым аралыгын кум-шагылга толтурган. Мындан улам унаа жол убактылуу жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тазалоо иштерине №2 жол тейлөө ишканасынан 1 экскаватор тартылып, натыйжада саат 09:00дө унаа жол толук тазаланып, каттам эки тараптуу ачылганын кабарлады.