Марал Радиосу

Кыргызстандык бийчилер Испанияда өткөн турнирде алтын утту

Кыргызстандык бийчилер 8-апрелде Испаниянын Камбрильс шаарында өткөн WDSF Open — Spain 2023 эл аралык турнирде алтын утуп алышты.

Бул тууралуу Кыргызстандын Бий спорту федерациясынан билдиришти.

«Жаштык, латина» категориясында 24 жуптун ичинен кыргызстандык Владимир Вырлеев менен Мария Прошлецова мыкты биринчи орунду ээлешти.

Турнирге Италия, Германия, Испания, Украина, Франция жана башка Европа өлкөлөрүнөн да бийчилер катышкан.