Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
2023-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери жашайт:
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары,
- согуштун майыптары,
- мажбурлап кармалган жашы жете элек туткундары болгон адамдар,
- 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада учурунда Ленинград шаарынын ишканаларында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен, ошондой эле «Блокадалык Ленинграддын жашоочусу» белгиси менен сыйланган адамдар.
Жогорудагы ардагерлердин ар бирине 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсациялар (айына 7 000 сом) жана президенттин өмүр бою берилүүчү стипендиясы (айына 10 000 сом) төлөнүп келет.