Эртең, 11-апрелде саат 09:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин Бишкек шаарындагы турак жайларга, мектептерге, балдар бакчаларына, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге суу берүү убактылуу токтотулат.
Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы “Бишкексууканал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгына таянып билдирди.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
Л. Толстой көчөсү, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромск, Циолковский, Т. Фрунзе, Омур, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Торугарт.
Мындан тышкары, Жумушчулар шаарчасында, Айыл чарба институтунда, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабында), “Теңир-Тоодо” (Ахунбаев көч. ылдыйда) суу болбойт.
Сууну өчүрүү Гагарин, Түштүк-Батыш суу алгычтарындагы жана шаардагы суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу.