Марал Радиосу

Өзбекстандын белгилүү актёру Мурад Ражабов каза болду

Өзбекстандын эл артисти, белгилүү театр жана кино актёру Мурад Ражабов 74 жашында каза болду. 8-апрелдин кечинде Өзбекстандын Кинематография агенттиги актёрдун каза болгонун Телеграм-каналына жарыялады.

«Өзбекстандын эл артисти, сүйүктүү актёрубуз Мурад Ражабов узакка созулган оорудан кийин 74 жашында каза болду», — деп айтылат маалыматта.

Мурад Ражабов 1949-жылы 30-майда Ташкентте туулган. Ал Островский атындагы Ташкент театр-көркөм институтунун актёрдук факультетин бүтүргөн.

Ражабов Советтер Союзунун тушунда «Оттуу жолдор» (1977-84) телесериалындагы, «Кокондо болгон» (1977), «Сүйүү жана каар» (1978), «Абайла! Жыландар! (1979), «Акыркы текшерүү» (1985), «Жымжырттык кодекси» (1990) ролдору аркылуу белгилүү болгон.

Актёр Өзбекстанда постсоветтик мезгилде актёр жана режиссёр катары ишин улантып, «Паримомо» (2000) жана «Достор» (2005) сыяктуу тасмаларды да тарткан.

Мурад Ражабов 2015-жылдан бери киного тартыла элек болчу. Ошол жылдын башында анын катуу ооруп жатканы белгилүү болгон эле.

Даярдаган: Зарина Султанмуратова