Кыргызстандык жаш илимпоз Айжамал Субанбекова Ирландиянын Лимерик университети өткөрүп жаткан «Изилдөө жумалыгы-2023 (Research Week-2023)» илимий сынагына катышып жатат. Бул тууралуу Айжамал өзү Твиттер баракчасына жарыялады.
Кыргызстандын атынан катышкан жаш илимпоз кристталды колдонуу аркылуу абадан суу чогултуу (Crystal Clear: Use Crystals for Water Harvest from Air) ыкмасын көрсөткөн.
Окуу жай өзүнүн Твиттердеги аккаунтуна эң мыкты делген 22 эмгекти жайгаштырган, алардын ичинде Айжамал Субанбекованын да изилдөөсү бар.
Эрежеге ылайык, Твиттерде эң көп лайк топтогон 10 эмгек кийинки баскычка өтүп, авторлору эң мыкты 10 окумуштуунун катарына кошулат. Добуш берүү 12-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 9:00дө аяктайт.
#PictureThisUL asked students to submit a visual perspective of their research
3 of 22 — Aizhamal Subanbekova, Chemical Sci @sbnbkv
Vote for your favourite by liking the tweet
Voting ends Wed 12 Apr, 23.59 IST
10 images go to final during #ResearchWeekUL. Winner chosen 27 Apr pic.twitter.com/YT9ElnLoav
— UL Research (@UL_Research) April 5, 2023