Марал Радиосу

Күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга 807 миң сом айып салынды (сүрөт)

Жол жээгинде мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү майлар тазаланууда. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы билдирди.

Жол көзөмөлдөө кызматкерлери акыркы үч айдын ичинде күйүүчү майды мыйзамсыз саткан 269 адамды кармап, жалпы 807 миң сом айып салган. Анын негизинде 19 миң 435 литр күйүүчү май мамлекеттин карамагына алынган.

Жол көзөмөлдөө кызматкерлери мындай башаламан, мыйзамсыз соода кооптуу болорун, кокустан жарылып кетүү коркунучу бар экенин эскертет. Андыктан мыйзамсыз күйүүчү май саткандарга 3 миң сомдон айып салынып, товары алып коюлат.

Exit mobile version