Марал Радиосу

Финляндиянын НАТОго мүчө болгону — Орусияга «коңгуроо»

Финляндия расмий түрдө НАТОго мүчө болду. Эми НАТОнун мүчөлөрүнүн саны 31 болуп калды. Финляндия Швеция менен бирге 2022-жылдын май айында НАТОго кирүүгө арыз берген. Буга чейин бейтарап көз карашты карманып келген Хельсинкинин НАТОго мүчө болушуна Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жооп берерин эскертти. Эми Финляндиянын НАТОго кошулуусу Москва менен Хельсинкинин мамилесине кандай таасир этет? Бул суроонун айланасында тышкы саясат жана эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул менен маек курдук.

— Финляндиянын НАТОго кошулуусу Москва менен Хельсинкинин эки тараптуу мамилесине кандай таасир этет?

— Албетте, эки өлкөнүн мамилеси терс жакка өнүгөт. Өзгөчө коммуникация жагынан. Анткени суудан, деңизден, жерден да чек арасы бар болгондуктан, карым-катнаш жакшы болчу. Эми экономикалык жактан катыш төмөн деңгээлге түшө турганы күтүлүп жатат. Саясий жактан айтсак, орус-украин согушу башталгандан кийин мамиле абдан төмөндөп кеткен. Хельсинкинин НАТОго мүчө болуу чечимин кабыл алганы демократиялуу элинин үнүн угуу катары бааланып жатат. Финляндиянын эли: «Орусиянын Украинага кол салуусунан кийинки пландары кандай болушу мүмкүн?» — деп кооптонуп жатышат.  Ошондуктан бул НАТОго кошулуу Хельсинкинин кооптуу жагдайын азайткансып жатат. Бирок стратегиялык жактан Орусия катуу каршылык көрсөтө тургандай кадамдарга барса, анда «албетте НАТОго баргандан кийин аны коргойт» деп ага мүчө болгонго аракет кылды. Мындан ары алака өтө төмөндөп, согуштук атаандаш катары мамиле болуп калат.

— Эми Орусия Финляндиянын НАТОго кошулуусуна каршы кандай аракеттерди жасашы мүмкүн?

— Болору болду, эми эч кандай каршы аракет кыла албайт, бирок Орусия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков: «НАТО Финляндияга кандай курал-жарак, кандай согуштук күч жайгаштырса, биз да ошого жараша жооп беребиз», — деп жатат. Орусиянын күчү деңизден жана жерден коргонгонго кетет го.

— Бул кадамдын жалпы эле орус-украин согушунда кандай мааниси бар?

— Унутпашыбыз керек, Финляндия менен Щвециянын НАТОго мүчө болуу үчүн арыз бергенинин себеби да ушул согуш болду. Анткени 2018-жылы фин элинин пикирин сураганда, НАТОго мүчө болууну 30%ы гана колдогон. Ал эми 2022-жылы 80%ы колдоду. Мына ошол эл «Орусиядан коркунуч бар» дегендей кабыл алып жатса, албетте, бийлик да ошондой нукта саясат жүргүздү. Муну менен «башы ушул болгон» деген ойду айткым келип жатат. Ал эми аягы азыркы болуп жаткан орус-украин согушуна да түз таасири бар. Эми Орусия Финляндия менен болгон чек араны коргоо үчүн бир канча күчүн ошол жакка жумшайт. Бир жагынан экономикасынын, согуштук күчүнүн алсыздашына алып барышы мүмкүн. Ар тараптан коргонуу керек болсо, мамлекет болгон күчүн жумшайт. Менимче, ушундай тактикалык кадамдар болуп жатат.

Exit mobile version