Connect with us

Дарыканалардагы дарылар тууралуу тиркемеден эле билсеңиз болот

Блог | 5 Апр 2023 | 594 | 0

Кыргызстанда «Дары-дармек» мобилдик тиркемеси ишке киргенин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Анын жардамы менен ар бир кардар дарыканалардагы дарылардын баасы жана сапаты тууралуу толук маалымат алса болот. Тиркеме аткез жол менен келген жана жасалма жол менен өндүрүлгөн дарыларды сатуунун алдын алат. Мобилдик тиркемеде дарынын канча түрү катталган? Анын артыкчылыгы эмнеде? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин маалымат-техникалык колдоо бөлүмүнүн башчысы Нурадин Канатаев менен маек курдук.

— Учурда тиркемени канча адам колдонуп жатат? Ичинде кандай маалыматтар камтылган?

— Тиркемени PlayMarket’ке койгонубузга эки жума болду. Учурда колдонуучулардын саны 500дөн ашты. Жакында AppStore’го да жүктөйбүз. Тиркеме департаменттин көзөмөлдөө кызматы менен байланышкан. Ал жерден дары жөнүндө бардык керектүү маалыматты (даярдоочу, импорттоочу, жарактуулук мөөнөтү, өндүрүш датасы, сериянын номери, дары-дармектин баасы жана абалы) билсе болот. Жакында дагы бир жаңы кызмат киргизебиз. Ал жакын жердеги кайсы дарыканада сизге керектүү дары бар экенин картадан көрсөтүп турат.

— Тиркемеде дарынын канча түрү катталган?

— Тиркеме департаменттин көзөмөлдөө кызматы менен тыгыз байланышкан. Ал жерде кандай дарылар болсо, баары көрсөтүлөт. Учурда тиркемеде 315 миң 671 куту дары катталган. Кырктан ашык саламаттык сактоо уюму, 145 дарыкана жана 13 дарыкампа кошулган. Системада баңги жана психотроптук каражаттын 97 түрү бар. Биз көзөмөлдөө системасын төрт баскыч менен ишке киргизип жатабыз. Азыркы күндө тиркемеде биринчи этаптын гана дарылары камтылган. Ал эми башка дарылар экинчи, үчүнчү жана төртүнчү баскычтардын негизинде кийинки жылдын ортосуна чейин киргизилет.

— Тиркемедеги дарылардын баасы көзөмөлдөнөбү? Артыкчылыгы эмнеде? 

— Бул тиркемеде дарыканадагы дарылардын баасы көрсөтүлөт. Колдонуучулар керектүү дарысы кайсы дарыканада канча сом экенин көрүп, салыштырып, өздөрүнө ыңгайлуу баада сатып алышса болот. Ал эми бааларга көзөмөл жүргүзүү департаменттин кызматына кирет. Алар атайын 400дөн ашык дарыга чектөө киргизген. Андан ашык баада сатканга болбойт. Бирок арзан сатууга болот. Тиркемеде ал баалар да сөзсүз көрсөтүлөт.

— Эгер дары тиркемеде көрсөтүлгөн баадан кымбат сатылса, кандай чара көрүлөт?

— Эгер дарылар тиркеменин ичинде көрсөтүлгөн баадан кымбат болсо, кардар фармацевтикалык инспекция бөлүмүнө кайрылса болот. Бөлүм ал дарыканага барып текшерет. Эгер факт далилденсе, сөзсүз түрдө 280 эсептик көрсөткүчкө (28 миң сом) чейин айып салынат.

— Маегиңизге ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM