Марал Радиосу

Атазов: Кыргызстандын бардык аймагында жер маселеси курчуп кетти (видео)

Кыргызстандын бардык аймагында жер маселеси курчуп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, Оштун Озгур айылында бир жаран гектарлаган жерлерди басып алып, жеке менчикке саткан.

«Ошол шылуунга алданган миңдеген жарандар митингге чыкты. Бир жаранды тизгиндей албаган күч органдарына эмне десек болот?! Ошондуктан Кыргызстандагы жерлерди трансформациялоо процесси боюнча тиешелүү органдар келип, парламентте маалымат берсин. Бул маселеге өзгөчө көңүл бөлүп карабасак болбой калды», — деди ал.

Мындан сырткары ал мектеп окуучуларын электрондук тамеки жана наркотикалык заттардан арылтуу боюнча иш алып баруу керектигин эскертти.