Марал Радиосу

Кара-Балтадагы адам өлүмүнө шектүү Казакстанга качып баратканда кармалды

«Кара-Балта шаарынан адам өлтүрдү» деген шек менен издөөгө алынган жаран Казакстанга качып баратканда кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө 4-апрелде саат 22:40тар чамасында Кара-Балта шаарынын Коммунист көчөсүндө жайгашкан «Алладин» караоке-кафесинде 27 жаштагы Ж.Ж.И аттуу жарандын сөөгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү издөөгө алынган. Ал бүгүн, 5-апрелде болжол менен түнкү саат 3:00дө кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар» пунтктунан өтүп баратканда колго түшкөн.

Кармалган адам кылмышка айыпталып жаткан Сокулук районунун 32 жаштагы тургуну А. уулу Б. экени аныкталып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген.