Марал Радиосу

Маданият министрлиги ЕККУ уюму менен кызматташат

Бүгүн, 4-апрелде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов 2023-жылга карата кызматташуу планына кол коюшту.

Максаты улуттук жана аймактык деңгээлде тынчтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча жаштардын маалымдуулугун, потенциалын, диалогун жогорулатуу.

Иш-чаралардын планында көйгөйлөрдү тынчтык жана конструктивдүү жол менен чечүүдө жаштардын потенциалын жогорулатуу, кесиптик билим берүүнү чыңдоо, жаш мамлекеттик кызматкерлердин ортосунда диалог куруу, тажрыйба алмашуу боюнча пункттар бар.