Марал Радиосу

Ошто жарамазан айткан балдардын ата-энелерине айып салынды

Ош шаарында «Кароосуз калгандар» аталышындагы профилактикалык чаралар жүргүзүлүп, түнкүсүн өз алдынча жүргөн 116 өспүрүм кармалды.

Алардын ичинен коомдук жайларда, көчөдө жарамазан айтып жүргөн балдардын ата-энелерине «Укук бузуулар» кодексинин эки беренеси боюнча (74-102) айып салынды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, балдардын реабилитациялык борборуна 53 өспүрүм алып келинди. Жарамазан айтып, коомдук жайларда жүргөн 14 бала кармалып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

«Өз балдарыңыздарды көзөмөлгө алып, алардын түнкүсүн жарамазан айтып акча суроосуна, жол кыймылына тоскоол болушуна жол бербеңиздер. Жарамазан тууралуу түшүнүк берип, жарамазан айтуунун баалуулуктарын, өзгөчөлүктөрүн туура жеткирүүнү суранабыз», — деп айтылат Ош милициясынын маалыматында.

Милициянын кайгуул кызматы унаа кыймылына тоскоолдук жараткандарга «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 190-беренесине ылайык, миң сом өлчөмүндө айып салынарын буга чейин эскерткен.