Марал Радиосу

УКМК: Пара алууга шектелген тергөөчү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Чүй облусу боюнча башкармалыгы ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте 3-апрелде укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган ыкчам издөө чараларын жүргүздү.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу) боюнча козголгон иштин алкагында жаранга карата сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 20 миң сомду банктык картасына которуу учурунда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын лейтенанты Ж.А.Т. кармалды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.