Марал Радиосу

Өлкөдө аутист балдар үчүн атайын борборлор жетишсиз

2-апрель – Бүткүл дүйнөлүк аутизм күнү. Бул күнгө карата Кыргызстанда да атайын иш-чаралар өткөрүлүп келет. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө аутист балдардын саны өсүүдө. 2021-жылы алар 174 болсо, 2022-жылы 242ге жетти. Азыркы тапта өлкөдө аутист балдар үчүн борборлор, бала бакчалар, мектептер жетишсиз. Муну менен катар мындай балдар менен иштешкен адистер да аз.

Кыргызстанда аутизм менен жашаган балдар көбөйүп, алар менен иштешкен атайын борборлор, адистер жетишсиз болууда.

Балдар психиатриалык клиникасынын башчысы Уулкан Итикулова ооруканага кайрылган аутист балдар көп болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, кайрылгандар текшерүүдөн өтүп, диагноз коюлгандан кийин атайын борборлорго жөнөтүлөт.

«Алар менен иштешкен адистер бизде жок. Психиатрлар диагноз коёбуз. Биз врачтын гана кызматын аткарабыз. Себеби биз аутизмден сырткары бүт психикалык жактан жабыркагандарга жардам көрсөтөбүз. Ал эми аймактан келгендерге да диагноз коюп беребиз. Текшерүүлөрдөн соң атайын борборлорго сунуштама беребиз. Мамлекеттик атайын борборлор жок».

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин майыптар жана улгайгандар менен иштешүү башкармалыгынын башкы адиси Адилет Худайбердиева мамлекет аутизм менен жабыркагандарга жардам көрсөткөн долбоорлорду колдоп келерин билдирди.

Ошондой эле ал министрлик майып балдардын коомго аралашуусу үчүн комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп турарын айтты.

«Бүгүнкү күндө өлкөдө 206 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт. Анын ичинде 36 миңден ашыгы 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдар. Аларды коомго тартуу боюнча министрлик комплекстүү иш-чараларды өткөрүп келет. Өлкөдө бул категориядагы балдарга өзгөчө көңүл бурулат. Атайын мыйзамдын алкагында долбоорго сынак жарыяланат. Анын алкагында аутист балдарды реабилитациядан өткөрүү, аларга социалдык жардам берүү багытында иш алып барган долбоорлорду колдоп келебиз».

Аутизмге кабылган балдардын билим алуусунда көп тоскоолдук жаралат. Азыркы учурда аутист балдар үчүн атайын мектептер, бала бакчалар жетишсиз.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева өлкөдө майып балдарды эки түргө бөлүп окуткан атайын мектептер бар экенин белгиледи. Бирок аутизмге кабылган балдар үчүн билим берүү мекемелери жок.

«Аутизм сыяктуу диагнозу бар балдар жөнөкөй мектептерде окуса болот. Ал эми экинчи категориядагы акыл-эси кем балдар атайын мектептерде окушат. Мындай мектептер ар бир аймакта бар. Ал жакка Саламаттык сактоо органдары тарабынан коюлган диагноз менен кабыл алышат. Майыптыгы бар балдар үчүн интернаттар, атайын мектептер бар».

Өлкөдө аутист балдар менен иштешкен борборлордун баары бейөкмөт уюмдар тарабынан түзүлгөн. Алардын бири «Колдон колго» коомдук уюму. Уюмдун окуу бөлүмүнүн башчысы, аутист баланын апасы Аида Калыгулованын айтымында, мүмкүнчүлүгү жок ата-энелер балдарын атайын борборлорго алып келе алышпайт.

Мындан сырткары ал мамлекеттик деңгээлде бир да борбор жок экенин белгиледи.

«Аймактарда аутист балдар менен иштеген борборлор жокко эсе. Адистер жетишсиз. Ошондуктан баары борбор калаага келишет. Бизде атайын программалар өтүп турат. «Эне жана бала» деген долбоордон кийин кээ бир ата-энелер аймактарга барып, өздөрү жеке борборлорду ачып, аутист балдарга жардам көрсөтүп жатышат. Биздин уюм аларга жардам берет. Бул долбоордун негизинде Ысык-Көлдө эки борбор ачылды. Негизги көйгөй мамлекеттик бекер жардам берилбейт. Колунда жок ата-энелер балдарын мындай борборлорго алып келишпейт. Мамлекеттик бир да борбор жок».

Аутизм — бул оору эмес, биологиялык мүнөздөгү абал же өнүгүүнүн бузулушу. Адамдар анын менен ооруп, кайра айыгып кете алышпайт. Ушундай абалда төрөлөт жана карылыкка чейин жашайт. Азыркы күндө аны айыктырууга болбойт, бирок аутизмдин адам жашоосуна тоскоол болтурбоо чараларын көрсө болот.

Exit mobile version