Марал Радиосу

Президенттин Администрациясынын штаттык саны 72ге кыскарды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Президенттин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны кыскартылды.

Кабыл алынган чечимдин негизинде айрым бөлүмдөр бириктирилип, бир катар кызматтар жоюлду. Мындан улам штаттагы 72 орун кыскарып, учурда администрацияда 259 штаттык орун калды.

Чечим иштин натыйжасын арттыруу, республикалык бюджетти туура пайдалануу максатында кабыл алынганы айтылат маалыматта.

Ошондой эле бошогон иш орундардын эсебинен аймактарды өнүктүрүү маселелерине жооптуу, чөйрөлөрдөгү иштерге талдоо жүргүзгөн бөлүмдөр күчтөндүрүлгөнү белгиленип өткөн.