Марал Радиосу

Мас абалында унаа башкарган айдоочулардын саны 76%га азайды

Акыркы бир жума  ичинде өлкө боюнча мас абалында унаа башкарган 57 айдоочу аныкталды. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 237 мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталган.

Маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Мекеме мас абалында унаа башкарган айдоочулардын саны 76%га азайды деп эсептейт. Анын себеби 8-марттан тарта күчүнө күчүнө кирген катаал жазалар себеп болууда.

Мурда мас айдоочуга 17 миң 500 сом айып салынып келсе, жаңы эреженин негизинде ичимдик ичип, рулга отургандар бир жылга айдоочулук укугунан ажырайт. Мөөнөтү бүткөндөн кийин да мас болуп кармалса, укуктан ажыратуу үч жылга узартылат.