Марал Радиосу

ИИМ: Түптө жарандын үйүнөн 20 кг баңгизат табылды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Түп районунда жашаган жарандын үйүнөн 20 килограммга жакын баңгизатын таап, жүгүртүүдөн алышты. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Түп районунун аймагында европа улутундагы жаран өз үйүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын сактап, сатууну көздөп жүргөндүгү тууралуу ИИМге маалымат түшкөн. Текшерүүдөн кийин маалымат тастыкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө алынган маалымат боюнча, кылмышка шектүү катары Түп районунун тургуну 1970-жылы туулган П.А. экендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча Түп РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Натыйжада П.А. аттуу жарандан 7 кг 816 гр марихуана алынган, ал эми үйдүн жер төлөсүн тинтүү учурунда дагы 11 кг 750 гр салмактагы гашиш табылып алынган. Баңгизаттын жалпы салмагы 19 кг 566 гр түздү.

Кармалган жаран Каракол шаарындагы тергөө абагына киргизилди.

Около 20 килограммов наркотиков нашли в доме жителя Тюпского района

Exit mobile version