Марал Радиосу

Улуттук банк валюта базарына 45,2 млн доллар сатты

Улуттук банк 31-мартта валюта базарына 45,2 млн доллар сатты. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.

Бул — быйылкы жылы жасалган алтынчы интервенция. Улуттук банк акыркы жолу 13-мартта валюта базарына 35 млн доллар саткан. Жалпысынан 2023-жылы 307,37 млн долларга интервенция жасалган.

Өткөн жылы Улуттук банк валюта рыногуна 15 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен 486,5 млн доллар сатылган, 190,7 млн доллар сатып алынган.

Exit mobile version