Марал Радиосу

Президент тоо-кен тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде тоо-кен тармагынын кызматкерлерин Кыргызстандын Геологунун күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда тоо-кен тармагынын ардактуу ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, жаратман эмгек жана жаңы табылгалар, геологиялык чоң ачылыштарды каалады.

«Биздин баа жеткис байлыгыбыз – жер казынабыз социалдык-экономикалык жана рекреакциялык мүнөздөгү көптөгөн курч маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ушуга байланыштуу жер казынасын жана кен байлыктарын туура пайдалануу жаатында туруктуу саясатты камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты катары каралууга тийиш.

Бүгүнкү күндө бул тармакка болгон мамиле кескин өзгөрдү. Мамлекет өзү стратегиялык кендерди жергиликтүү мамлекеттик ишканалар аркылуу иштетүүнү колго алды.

Жасалган реформалардын жыйынтыгында региондордун инфратүзүмүн өнүктүрүү, жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылуу жүзөгө ашып, аймактардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жанданууда», — деп айтылат куттуктоо катында.

Садыр Жапаров тоо-кен тармагынын кызматкерлерине ден соолук, бакубат турмуш жана ары татаал, ары катаал, биресе кызыктуу жана пайдалуу иштерине албан-албан ийгиликтерди каалады.