Марал Радиосу

Бишкекте велосезондун ачылышы өтүүдө. Кайсы көчөлөр жабык?

Велосезондун ачылыш аземине байланыштуу бүгүн, 2-апрелде Бишкектин айрым көчөлөрү жабылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, саат 8:50дөн тарта Ала-Тоо аянтынан тарта Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин жана Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багына чейин көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылды.

Веложүрүш Ала-Тоо аянтында саат 9:00дө башталып, саат 10:30да Д.Асанов атындагы сейил багында жыйынтыкталат.

Эске салсак, иш-чараны борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен Megacom компаниясы, «Велоfriends позитив KG» ачык коому уюштурууда.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып алууну суранат.